Кыргызстандын Владивостоктогу жарандары 6 саат мурун добуш берип башташкан. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтүп жатат.
Чет өлкөдөгү мекендештер референдумга гана катыша алат. Референдум боюнча чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси иштейт.