РЕН ТВ Кыргызстандан эфирге чыгууга тыюу салган эч кандай маалымат албаганын билдирди

РЕН ТВ Кыргызстандын тийиштүү органдарынан эфирге чыгууга тыюу салган эч кандай маалымат албаганын билдирди. Бул тууралуу маалымат аталган телеканалдын сайтында жарыяланды. Телеканалдын билдирүүсүнө ылайык, анын Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы ишмердүүлүгү такай жергиликтүү мыйзамга ылайык жүргүзүлүп келген жана кырдаалды териштирет.

Буга чейин Маданият министрлиги маалымат таратып, «РЕН ТВ» телеканалынын берилген уруксатын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан баштап эфирге чугууну токтоторун билдирген.