Орусиянын Москва шаарынан жана Москаа облусунан медициналык мекемелерде энелери таштап кеткен 2 жашка чейинки беш бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Балдарды кайтаруу иштери Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жардамы менен уюштурулган. Наристелер Кыргызстандын аймагына келиши менен балдар үйүнө убактылуу жайгаштырылды. Министрлик балдарды үй-бүлөлөрү менен бириктирүү максатында жакын туугандарын издей баштайт.










