Мына ушул “Рух Ордого” эң чоң пирс салынып жатат. Ал пирс формасы комуздун түспөлүн көрсөтүп турат. Ортосунда боз үй форамасында айнек ресторан болот. Ресторанда улуттук тамактар гана берилет. Тейлөө кызматындагылар улуттук кийим кийишет. Кыскасы улуттук колоритибизди көрсөткөн туристтик комплекс кылалы деп иш баштаганбыз. Кечээ эле өзүм барып иштин жүрүшү менен таанышып келгем. “Быйылкы жайкы туристтик сезонго даяр кылабыз” деп куруучулар сөз беришти. Анан мага бүгүн пресс катчым телефон чалып “Социалдык түйүндөрдө комуздун формасы түшүрүлгөн пирске катуу сын айткандар көп болуп жатат” деп билдирди. Мына ошондуктан жалпы коомчулуктан сурамжылоо кылам», — деп жазды ал.
Белгиленбеген жерден жолдун каршы тилкесине чыгуу — 15 миң сом. Айып пулга жеңилдик да берилбейт
Жолдогу бир секундалык ката, көптөгөн кайгылуу окуяларга алып келиши мүмкүн. Белгиленбеген жерден каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени түз келе...








