Норвегия сенсация жаратып, Бразилияны жеңип, Дүйнөлүк чемпиондуктун чейрек финалына чыкты
Норвегия курама командасы дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Бразилияны 2:1 эсебинде жеңип, тарыхында биринчи жолу мундиалдын чейрек финалына өттү.
Биринчи тайм голсуз аяктады. 14-мүнөттө бразилиялыктар алдыга чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан, бирок Бруно Гимарайнс пенальтини ишке ашыра алган жок. Экинчи таймда беттештин каарманы Эрлинг Холанд болуп, ал 79 жана 90-мүнөттөрдө гол киргизип, норвегиялыктарга тарыхый жеңиш тартуулады.
Бразилиянын жалгыз голун 90+10-мүнөттө пенальтиден Неймар киргизди, бирок бул командасын жеңилүүдөн сактап кала алган жок.
Чейрек финалда Норвегия Англия — Мексика жубунун жеңүүчүсү менен ойнойт. Беш жолку дүйнө чемпиону болгон Бразилия үчүн турнир жыйынтыкталды.