Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Анда Кыргыз жарандарынын Түркияда жүрүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды. Элчи 22-июнда Стамбул шаарына келип, туугандары менен байланышка чыкпай калган Кыргыз Республикасынын 2003-жылы туулган жаранынын жана башка жарандардын жайгашкан жерлерин аныктоо маселесинин маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Өз кезегинде Түркиянын ички иштер министринин орун басары бир катар актуалдуу маселелер боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлигиндеги кесиптештери менен активдүү иш алып баруу жана өз ара аракеттенүү тууралуу маалымат берди. Кыргыз жарандарын издөөгө байланышкан иштер жеке көзөмөлүндө экенин, ошол эле учурда издөөдө жүргөн жарандардын жүргөн жерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тапшырмаларды бергенин баса белгиледи. Жолугушуунун аягына чейин Түркиянын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Кыргыз жараны Стамбулдун Кадыкөй районунда табылганын билдиришкен. Ал жакынкы арада туугандарына өткөрүп берилет.
Кыргыз тарап ошондой эле Кыргыз жана Түрк жарандарынын өз ара сапарлары, анын ичинде ички паспорттор боюнча жана Кыргыз жарандары үчүн Түркиядагы визасыз режимдин мөөнөтүн 90 күндөн 180 күнгө чейин кеңейтүү маселелеринин маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Кыргыз жарандарынын Түркияда жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү жана алардын мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн узартуудан баш тартуулардын санын азайтуу өтүнүчү айтылды. Элчи ошондой эле түрк кесиптештерине мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарына айыпсыз жана тыюу салуусуз чыгып кетүү жана андан ары мыйзамдаштыруу максатында миграциялык мунапыс берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Министрдин орун басары кыргыз тараптын сунуштарын изилдеп жана Түркиянын кызыкдар органдары менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.