Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министринин кызмат ордуна Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги каралды. Депутат Камила Талиева ага «коргоо министри болуп келер алдында жетекчилик менен чырдаштыңыз беле? деген суроо узатты.
Депутат Мукамбетов 2025-жылдын 12-апрелинде президенттин буйругу менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси кызматынан бошотулганын айтып, анын себебин сурады. “Андан бери бир айдан ашык бош отурдуңузбу? Эмнеге бошотту эле? Угушумча жетекчилик менен чыр болуп, текшерүү жүргөн экен”, — деди Талиева.
Коргоо министринин милдетин аткаруучу Мукамбетов ага карата кагаздар түшүп, текшерүү болгондуктан кызматтан четтетилгенин моюндады. “Себебин сизге өзүнчө айтып берейин. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акталып, кызматка келдим”, — деди ал.













