Бүгүн, 27-майда Непал убактысы боюнча саат 04:40та Рысгүл Акимжанова дүйнөнүн эң бийик тоосу — Эвересттин чокусуна ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын туусун желбиретти. Бул тууралуу анын жолдошу, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жазды.
«Азыр ылдыйкы лагерлерге карай түшүп келе жатат. Аман-эсен түшүп алуусун тилейбиз. Колдоо көрсөтүп, каалоо-тилек айтып турган бардыгыңыздарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз»,- деп жазды ал.
Буга чейин жеке ишкер социалдык тармактагы баракчасында орто жолдон артка кайтканын жазган.










