Abank
SerepTV Logo

Саат 08:00гө карата Чоң-Алай жана Баткен облусундагы чек арада кырдаал чыңалуу бойдон турат

Саат 08:00гө карата Чоң-Алай жана Баткен облусундагы чек арада кырдаал чыңалуу бойдон турат
19-сентябрь саат 08:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. "19-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок. Ок атышууну токтотуу келишимдерин бузуулар катталган жок. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө", - дешти.