Abank
SerepTV Logo

Саат 08:30га карата Баткен облусунда жана Чоң-Алай районунда абал салыштырмалуу туруктуу. Түн тынч өттү

Саат 08:30га карата Баткен облусунда жана Чоң-Алай районунда абал салыштырмалуу туруктуу. Түн тынч өттү
20-сентябрь саат 08:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. 20-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды деэскалациялоо жана кошумча күч жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгаруу боюнча мурда келишилген келишимдердин аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды улантат. Жумушчу комиссиялар жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган сунуштарды жана чечимдерди да карайт.