Саат 13:23кө карата Энергетика министрлиги маалымат таратып, жарыкты берүү бир канча саатта калыбына келтирилерин билдирди

Кыргызстандын энергетикалык системасы Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык шакекчесиндеги авариялык өчүрүүдөн кийин этап этабы менен калыбына келтирүүнү баштады. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда саат 13:23кө карата Энергетика министрлигинен маалымат таратышты.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен бирдиктүү энергетикалык шакекчесинен сырткары керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоого киришти. Өлкөнүн ири объектилери штаттык режимде иштеп жатат. Болжолдуу түрдө Борбор Азиядагы энергетикалык системасынын иштөөсүнүн үзгүлтүккө учурашы аймактагы энергетикалык системалардын биринен улам болду. Энергетикалык системасынын ишин калыбына келтирүү бир канча саатка созулушу ыктымал.

Авариялык өчүрүүнүн шарттары аныкталууда.