Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ саат 18:00гө карата 43 эреже бузууну каттаган. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров маалымат жыйын учурунда билдирди.
Алар:
- административдик ресурстарды пайдалануу — 3;
- үгүт шарттарын бузуу — 13;
- шайлоо процессине катышкандардын укутарын бузуу — 1;
- шайлоочуларды ташуу — 2;
- бюллетенди сүрөткө тартуу — 1;
- урнанын жаныда белгисиз адамдардын тураганы боюнча — 2;
- шайлоо комиссияларынын үстүнөн даттануулар — 14;
- шайлоочулардын добушун сатып алуу — 6;
- башка кайрылуу — 1.