Саат 18:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Тажик тарап Кулунду жана Жаңы-Жер айылдарындагы кыргыз чек арачыларын көздөй дагы ок чыгарышкан. Баткен облусунда тажик тарап көп жолу ракеталык системаны колдонгон.