Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Армения, Абхазиянын номуру менен жүргөн унаалардын ээлерин сабырдуу болууга чакырды. Ал бул унааларды мыйзамдаштыруу процесстерин айтып берди.
Депутат бул унааларды Экономика министрлиги мыйзамдаштырып баштаганын айтты. Анын айтымында, бул иш үч этапка бөлүнгөн. Биринчи этапта колунда документтери барлардын унаалары мыйзамдаштырылат. Буга армян, абхаз номурлуу оң, сол рулдуу унаалар кирет. Экинчиде колунда документи жок, бирок жүрүп тургандар каралат. Аларды да мыйзамдаштыруу жолдору каралып жатат. Үчүнчүдөн, шайман болуп кирген документи жок унаалар. Алар утилизацияга кетет же шайман кылып сатылат. Мындан сырткары, депутат азыр өкмөт бажы төлөмдөрүн чечүүнү караштырып жатканын айтты. Анткени кээ бир унаалардын бажы төлөмү кымбат болуп жатканын кошумчалады.
«Бажы төлөмдөрүн кантсек, элге жеңил кылабыз» деп Экономика министрлиги иштеп жатат. Анан ИИМден депутат катары өтүнөм, камакта турган унаалардын документи болсо, мыйзамдаштырат да. Ошолорду чыгарып берип койсоңуздар. Кечээ мага бирөө «Апам онкологиялык оору менен жабыркап ооруканада. Дары-дармекке оң рулдуу унаамды сатайын десем, камакта турат» деп жазды. Ушуну өкмөт карап берип койсоңуздар», — деди ал.