«Садыр байке, сүрөткө түшсөк болобу?» Вакцина алганы барган президент сүрөткө түштү

Бүгүн Садыр Жапаров эмдөө пунктунан вакцина алган соң кызыктуу окуя болду.

Өлкө башчы эмдөөдөн өтүү үчүн «Бишкек Парк» соода борборун тандаган. Албетте, анын вакцина алганы келгенин соода түйүнгө келген жарандардын бардыгы көрдү. Ошол жактагы аялдардын бири президент менен сүрөткө түшүүнү суранды. Бактыга жараша ал анын жан сакчыларын аралап барып, сүрөткө түшүүгө үлгүрдү.

Суранычтарга карабастан, башка эч ким Жапаров менен сүрөткө түшө алган жок.