Садыр Жапаров Баткендеги Ак-Сай жана Капчыгай айылдарындагы үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында 14-17-сентябрда кайгылуу окуялардын кесепетинен жергиликтүү тургундардын үйлөрү талкаланган Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды.

Мамлекет башчысы турак-жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты, учурда Ак-Сай айылында 51 турак-жайда курулуш иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат алды. Бардык үйлөрдүн пайдубалын түптөө иштери бүткөрүлүп, 17 үйдүн дубалы, 5 үйдүн чатырын жабуу аяктады. 14 үйдө дубалын, ички ремонтун бүткөрүү иштери жүрүп жатат.

Турак-жайларды кароо учурунда Садыр Жапаров каргашалуу окуянын кесепетинен уулунан ажыраган жергиликтүү тургундардын биринин жаңы курулуп жаткан үйүнө кирип, курулушунун сапатын жана жашоо үчүн бардык зарыл болгон бардык шарттар бар экендигин көрдү. Ал жерде маркумдун жакындарына көңүл айтып, куран окуду.

Мамлекет башчысы Капчыгай айылына барганда каргашалуу окуянын кесепетинен үйлөрдүн дээрлик баары талкаланганын, бүгүнкү күндө 75 үйдө курулуш иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди. Бардык үйлөрдүн пайдубалын түптөө курулуш иштери аяктады. 17 үйдүн дубалы бүткөрүлүп, 26 үйдүн плиталары орнотулууда, 31 үйдүн чатыры жабуу иштери аяктаган.