Ишемби, 07.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров: «Билип-билбей «Жетим-Тоону берип атышат» деп калп айтып, элдин башын айлантканды токтоткула»

17:55 14.08.2022
0
Садыр Жапаров: «Билип-билбей «Жетим-Тоону берип атышат» деп калп айтып, элдин башын айлантканды токтоткула»

Жакындан бери социалдык түйүндөрдү карасам, Жетим-Тоону «коргогучтар» болуп чыга келген жарандарыбыз элге кайрылуу кылып, өздөрүн “баатыр” көрсөтүп, элди «көтөрүлгүлө» деп чакырык жасап жатышыптыр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазды.

«Ушундан улам элге толук маалымат берип коюуну туура көрдүм. Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо “Эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет” деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок. Сырткы карызыбызды башка булактарыбыз менен эле жаап жатабыз жана жабабыз. Мындан ары күчүбүз жетет.

Андан сырткары эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдарды дагы көтөрө баштадык. “Кумтөр” мурда 5-6 миллиард салык төлөп келсе, “ай-иий ай, Кумтөр бизди багып атат” деп сүйүнүп, этегине намаз окуп келгенбиз. Былтыртан бери, керек болсо, 50-60 миллиард салык жана башка төлөмдөрдү төлөп келе жатат. Ошонун эсебинен эмгек акыларды, пенсия, жөлөкпулдарды көтөрүп жатабыз. Эгер Жетим-Тоону иштетип калсак, 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Бир пайыз эмес, бир муштум ташын эч кимге үлүш катары бербейбиз.

Бирок бүгүн Жетим-Тоону иштетели деген даярдыгыбыз жок. Жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген буйрук берилген. Союз мезгилинде болжол менен изилденген запасы бар экен. Бирок корунун так көлөмү жок болгондуктан, тактап коелу деп, Кыргызгеология кызматкерлери иш жүргүзүп жатышат. Тактап койсок, биз иштетпесек, келечек муун иштетет. Анан эле өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип, «Жетим-Тоону экинчи Кумтөр кылбайбыз» деп кыйкырып чыгышкандарын кантейин деле. Эч нерсе боло электе эле билип-билбей, “Жетим-Тоону берип атышат” деп калп айтып, элдин башын айлантканды токтоткула. Айтпаса, адамдын жанын кашайтасыңар да. Ошол эле «Кумтөр» кетип жатканда, силер бийликте болчусунар. Болгондо да бийликтин эң чоң бутагы, мамлекеттин коопсуздугуна жооп берчү бийликтин башында олтургансыңар. Ошондо да «Кумтөрдү» кайра алмак түгүл, бир доллар штраф төлөтө алган эмессиңер. Азыр «Кумтөр» жүз пайыз өз элибизге өтүп, өмүрү эмгек акыга жарыбаган мамлекеттик кызматкерлерибиз жыргап олтурушат. Жолдор оңдолуп жатат. Мектептер салынып жатат. Дагы кандай иштер жүрүп жатканын силер көрбөй жатсаңар, жалпы эл көрүп турат. Эгер Жетим-Тоону иштетсек, мындан бетер эмгек акылар көбөйөт, экинчи «Кумтөр» болот, ошол эле Нарын облусунун, ошол эле Жетим-Тоонун тегерегинде жашаган элдердин турмушу оңолот.

Инфрастуктурасы оңолуп, керек болсо, айылдарынын ичине чейин асфальт басылат. Бирок дагы бир жолу кайталап коеюн. Жетим-Тоону иштетебизби-жокпу, азырынча чечим кабыл алына элек. Иштете турган болсок эл менен макулдашып, анан 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Эл «жок» десе, анда — жок. Бирок бир нерсени унутпагыла. “Алма быш – оозума түш, мени бекер эле «суф» деп байытып, турмушумду оңдоп жибер” деп жата берсек, асмандан бирөө каражат бербейт. Мектептер салынбайт. Жолдор оңдолбойт. Эмгек акылар көтөрүлбөйт. Инфраструктураларыбыз оңолбойт. Кыскасы, өнүкпөйбүз. Бир нерсе кылайын десек эле, “муну кылба, тигини кылба, туризм менен эле өнүгөбүз” деп чыгышат. Туризмди өнүктүрөйүн десең, “баланча өлкөнүн кишилери басып кетти, кокуй киргизбегиле” деп чыгышат. Деги биздин элге “эмне жагат?” деген суроо бергиң келет.

Мындан ары мен президент болуп турган убакта «Кумтөр», Жетим тоо жана башка ушул сыяктуу ири кендер эч кимге берилбейт. Мага чейин берилип кетип иштеп жаткан ири кендерге болсо мамлекеттин үлүшүн киргизебиз. Убакыт керек. Ошондуктан өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип жаткан “лжепатриоттор!”, Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп, калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла. Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар “лжепатриоттор”, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?»,- деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

«Жалал-Абад» аэропортунун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт

«Жалал-Абад» аэропортунун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:31 06.03.2026
2

«Кыргызстандын аэропорттору» ААК социалдык тармактарда тараган Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбей турганын...

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин берди (толугу менен)

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин берди (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:58 06.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан маселелерге комментарий берди. — Мыйзамсыз вебкам студияларды иштеткени үчүн соттолгон Даниэл Ажиевдин айланасында чоң...

Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:14 05.03.2026
1

Депутат Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) байланыштуу маселе көтөрдү. Ал жыйынтыктар мүмкүн болушунча ачык-айкын болуп, катышуучуларга өз убагында жеткирилиши...

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:34 05.03.2026
0

Соцтармактарда депутат Эрулан Көкүлов менен Кайгуул милициянын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Надырбек Жусуповдун диалогу делген аудио сүйлөшүү тарады. Бул тууралуу Спутник...

Депутатка жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салууга болобу?

Депутатка жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салууга болобу?

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:57 05.03.2026
0

"Жогорку Кеңештин депутаты жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жоопкерчиликке тартылат. Депутаттык кол тийбестик негизинен кылмыш...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

10:10 06.03.2026
Садыр Жапаров Аскат Жетигендин иши боюнча: «Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз»

Садыр Жапаров Аскат Жетигендин иши боюнча: "Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз"

09:10 06.03.2026
Өлкө башчысы: «Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбейт»

Өлкө башчысы: "Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбейт"

09:16 06.03.2026
«Жалал-Абад» аэропортунун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт

«Жалал-Абад» аэропортунун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт

2
Президент: «Ажиевдин түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатканын угуп артка кайтарттым»

Президент: "Ажиевдин түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатканын угуп артка кайтарттым"

1
Садыр Жапаров Аскат Жетигендин иши боюнча: «Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз»

Садыр Жапаров Аскат Жетигендин иши боюнча: "Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз"

1
Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

10:10 06.03.2026
«Жалал-Абад» аэропортунун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт

«Жалал-Абад» аэропортунун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт

09:31 06.03.2026
Өлкө башчысы: «Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбейт»

Өлкө башчысы: "Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбейт"

09:16 06.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү