Садыр Жапаров Болгария менен Түндүк Македониянын президенттерине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Болгария Республикасынын президенти Румен Радевге жана Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровскиге адамдардын, анын ичинде балдардын өмүрлөрүн алган кырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчысы 2021-жылдын 23-ноябрында Болгарияда эртең менен эрте катталган жол кырсыгы тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.

Кыргызстандын калкынын жана жеке өзүнүн атынан Садыр Жапаров чет элдик кесиптештерин каза болгондордун туугандары менен жакындарына алардын кайгысын тең бөлүшөрүн жана кайрат сөздөрүн, ал эми жабыркагандарга тезирээк сакайышын кааларын жеткирүүнү өтүндү.