Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров Чек арачылар күнү менен куттуктады

10:05 28.05.2023
0
Садыр Жапаров Чек арачылар күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери! Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Ата Мекенибиздин чек арачыларынын кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктаймын!

Чек ара коопсуздугун камсыздоо өлкөнүн аймактык бүтүндүгү менен көз карандысыздыгын сактоо тутумунда өзгөчө роль ойнойт. Бүгүнкү күндө ал Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган мамлекеттик башкаруунун толук кандуу тармагы болуп саналат. Бул татаал механизмде алдыңкы орунду Чек ара кызматы: анын инфратүзүмү, техникалык каражаттары, курал-жарактары жана негизги бөлүгү – өздүк курам ээлейт.

Кайсы мезгил болбосун, өлкө тынчтыгын бузуп, душман бастырып киргенде, чек арачылар алгачкы соккуну тосушат. Өткөн кылымдагы Улуу Ата Мекендик согуштун башталышында болобу, же Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки бир канча жолу орун алган оор кагылышууларда болобу, чек арачылардын каармандыгы, эрдиги буга далил.

Кымбаттуу мекен чегине жооптуулар! Ар дайым эл четинде, жоо бетинде туруп, Ата Мекен чегин көздүн карегиндей сактоо милдети сиздерден эң алды менен мекенчилдикти, жогорку жоопкерчиликти, кесиптик чеберчиликти дайыма жогорулатып турууну, дене тарбия жана моралдык-психологиялык күжүрмөндүүлүктү талап кылат.

Мамлекетибиз мындан ары да чек ара кызматынын аброюн көтөрүүгө, бул кызматтын сапатын жогорулатууга, мамлекеттин чегин ишенимдүү коргоого, кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга, чек арачылардын социалдык жактан камсыз болушуна кам көрүүнү улантат.

Урматтуу чек ара кызматкерлери жана ардагерлер! Ар жыл сайын 28-майда улуттук чек ара кызматынын калыптанышынын башында тургандарды – чек ара кызматынын ардагерлерин куттуктоо жакшы салтка айланды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоого ант берип, мындай ары татаал, ары сыймыктуу милдетке башын байлап, өмүрүн арнаган ардагер чек арачыларыбызга, бүгүнкү күндө бул ыйык милдетти аткарып жаткан эр-азамат уул-кыздарыбызга чың ден соолук, кажыбас кайрат жана албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Асманыбыз ачык болуп, журтубузда бейпилдик орносун! Майрамыңар ар дайым тынчтыкта, кубануу, сыймыктануу сезими менен белгиленсин! Чек арачылардын бардык муундарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө бакубат жашоо тилейм!»

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:38 14.03.2026
1

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз  жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:04 14.03.2026
0

"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:10 14.03.2026
0

Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:23 13.03.2026
0

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:08 13.03.2026
0

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү