Дүйшөмбү, 26.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров дааратканага окшош аялдаманын ордуна курулган жаңысын көрсөттү

12:07 11.06.2023
0
Садыр Жапаров дааратканага окшош аялдаманын ордуна курулган жаңысын көрсөттү

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында мамлекеттик кызматкерлерге кайрылуу жарыялады.

«Мындан эки ай мурда Тамчы аэропортуна конуп, Чолпон-Ата шаарын көздөй бет алдык. Аэропорттон чыгып бурула берген жерде даараткана сыяктуу аялдама көзгө урунду. Дароо эле Башкы прокурорго телефон чалып «Ким салды, кайсы акчага салды, канчага салды текшерип, мага билдириңиз» дедим. Текшерип бүтүп, 840 миң сом коротулганын, «Кумтөрдөн» облуска бөлүнгөн акча экенин, айыл өкмөт курганын айтты. Албетте, акча жегендер камалды. Уурдагандарын эки эселеп кайтарып жатышат. Эми караңыздар, төмөндөгү аялдаманы 351 миң сомго куруп койдук. Болгону 351 миң сом акча кетет экен. Айырмасын караңыздар, тегерегинин баары айнек менен тосулган. Түнкүсүн күйүп-жанып турат. Көрүнүшү да жакшы. 15-20 жыл былк этпей турат. Муну мен эмне үчүн ушинтип жарыялап жатам?

Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, силерге сабак болсун деп жатам. 33 жылдан бери ушундай жолдор менен уурдап келгенсиңер. Ошол үчүн мамлекетибиз алдыга жылбай, өнүкпөй, уурдалып-тонолуп келди. Эми мындан ары мындай ыкма менен уурдаган уурулугуңар өтпөйт. Мен буга чейин дагы баарыңарга эскерткем, дагы да эскертем. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтарасыңар жана түрмөдөн да чыкпайсыңар. Акыркы эскертүүм. Кийин эскертпедиң дебегиле.

Дагы бир мисал. Талас шаарында балдар ойной турган аянтча курдук деп, төмөндөгү курулушка 4 миллион 880 миң сом акча сарпташкан. Муну УКМКнын кызматкерлери таап чыгышты.  Ушул жерге кантип уялбай ушунча акча кетти дешти? Баары камалып, уурдалган акчалар мамлекетке кайтарылды. Эми кайрадан ошол жерди өз көзөмөлүбүздө курабыз. Канча акча менен кандай курулгандыгы жөнүндө кийин маалымат беребиз. Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, акча уурдаштын мындай жолун токтоткула. Азыр эшикте 21-кылым. Бардык жактан материалдардын өздүк наркын билип, бир заматта эсептеп чыгып, уурулуктун бетин ачып коебуз», — деп жазылат кайрылууда.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

Автор Айзада Тураркулова
10:12 26.01.2026
0

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова  48 жаш каза болду. Бул тууралуу маркум жетектеген фонд билдирди. Маалыматка...

Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди

Автор Айзада Тураркулова
10:06 26.01.2026
0

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 03:54дө Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Маалыматка ылайык, жердин...

Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу жардам сураган 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берди

Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу жардам сураган 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берди

Автор Гүлжамал Абылкасымова
14:48 23.01.2026
1

23-январда Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. ЖМК аркылуу Талас облусунда үч эм төрөлгөн...

Энергетиктерге 146 миллион сомдук техникалар тапшырылды

Энергетиктерге 146 миллион сомдук техникалар тапшырылды

Автор Айзада Тураркулова
14:30 23.01.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине атайын автотранспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды. Маалыматка ылайык, JAC-T8 үлгүсүндөгү 17 даана бригадалык автоунаа,...

Талант Эралиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды

Талант Эралиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды

Автор Айзада Тураркулова
12:25 23.01.2026
0

Талант Эралиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Буга чейин борборду Талант...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

10:12 26.01.2026
Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди

10:06 26.01.2026
«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

10:12 26.01.2026
Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди

10:06 26.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү