Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-апрелде эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер жана уюмдун вице-президенти Обейд Аль Анзини менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен эл аралык дзюдо федерациясынын кызматташуусун активдештирүү, ата мекендик спортту өнүктүрүү пландары жана багыттары талкууланды. Мамлекет башчысы федерациянын жетекчилиги ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Анын натыйжасында Кыргызстанда биринчи жолу эркектер жана аялдар арасында дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты болуп өттү. Садыр Жапаров чемпионат бийик деңгээлде уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүнө баа берип, ага өзү да кунт коюу менен көз салганын баса белгиледи. Президент бул кадыр-барктуу спорттук иш-чара өлкөдө артыкчылык берилген жана өнүгүп келе жаткан спорт түрү болгон кыргыз дзюдосу үчүн маанилүү окуя деп атады.
Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер Кыргызстанды дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алган биринчи алтын медалы менен куттуктап, бул жаш муундардын спортко кызыгуусуна түрткү болот деген тилегин билдирди. Ал өлкөдө дзюдону жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча кыргыз тараптын пландарын канааттануу менен белгилеп, Федерация Кыргызстанды бул багытта мындан ары да колдой берерин кошумчалады. Мариус Визер республикада дзюдо менен машыгуу шарттарын жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү боюнча биргелешкен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.
Эл аралык дзюдо федерациясы планетанын 5 континентинде 204 федерацияны ичине камтыйт жана жыл сайын отузга чейин ири спорттук мелдештерди өткөрүп турат. Ал мындан ары да жигердүү кызматташууга даярдыгын билдирип, Садыр Жапаровду июнь айына Будапешт шаарында пландалган дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатына катышууга чакырды. Президент эл аралык дзюдо федерациясы менен кызматташуунун ийгиликтүү болуп жатканын белгилеп, келечекте өз ара аракеттенүү мындан дагы кеңейе тургандыгына ишенимин билдирди.
2021-жылдын 6-апрелинен 9-апрелине чейин Бишкекте дзюдо боюнча аялдар жана эркектер арасында Азия жана Океания чемпионаты болуп, ага 29 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.