«Көз айнек тагынууга мажбур болуп жатат». Садыр Жапаров көзүнө операция жасатты

Садыр Жапаров жакынкы күндөрү көзүнө жасалган операцияга байланыштуу жабык жайда да күн көз айнегин тагынууга аргасыз болуп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин маалымат катчысы билдирди. 

«Мамлекет башчысына хирургиялык кийлигишүүнү талап кылган көздүн ылдыйкы сурмасынын энтропиясы диагнозу коюлган», — деп түшүндүрдү ал.

Көздүн энтропиону — көздүн сурмасы менен кирпиктин көздүн карегине карай бурулуусу.