Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына өлкө башчы Садыр Жапаров келди. Ал депутаттар менен биргеликте министр болуп дайындалгандардын антын укту.
Сөз сүйлөп, жаңы министрлерге кайрылуу жасады. «Сиздер бара жаткан министрликтерде ийлигиктүү иштер менен катар жасай турган жумуштар арбын. Муну эл да, эл өкүлдөрү да көтөрүп, Министрлер кабинети көңүлгө алуусун талап кылып келе жатышат. Бул маселелерди чечүүгө акылы жетет, алы келет, бул тармакты алдыга жылдыра алат деген тилек менен сиздерди дайындап жатабыз. Мыйзамдарды так сактоо менен эл үчүн кызмат кылууга ант бердиңиздер. Жеке керт башыңарды ойлоп, коррупция менен алектенсеңер эл-журтка жаман атыңар калат. Туура эмес иш жасасаңар мыйзам чегинде чара көрөбүз. Эч кимди аябайбыз»,- деди ал.







