Дүйшөмбү, 20.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров ЖЭБден өрт чыккан себебин божомолдоду

16:11 02.02.2024
0
Садыр Жапаров ЖЭБден өрт чыккан себебин божомолдоду

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине ЖЭБдеги кырдаал боюнча комментарий берди.

— Жарылуу түнкү саат 03:00дөр чамасында болду. Мен уктай элек болчумун. Энергетика министринин үч тараптуу жолугушуусу бар эле, Ташкентте жүргөн. Мэр болсо чет өлкөдөн учуп келе жаткан. Түнкү саат үчтөр чамасында “Аэропорттон шаарга келе жатам, ЖЭБде жарылуу болуптур, ошол жакка кетип жатам” деп мага чалды. Мен дароо өзгөчө кырдаалдар министрин, саламаттыкты сактоо министрин ойготуп, ал жакка жөнөттүм. Энергетика министрине телефон чалып “Бишкеке учуңуз!” деп буйрук бердим. Кыскасы, таң атканча кырдаалды жөнгө салганга аракет кылдык. Эртең менен дагы барып кеттим.

Азыр эми оор абалдан чыгуу жагына бет алдык. Кудай буюрса, жакынкы убакта кырдаалдан чыгып кетебиз.

— ЖЭБде авария катталганы тууралуу маалымат чыгары менен коомчулук 2018-жылдагы аварияны эстешти. Ал кезде ЖЭБди модернизациялоо менен байланыштырышты эле. Андан бери алты жыл өттү. Ошол кездегидей окуянын кайталанышына эмнеге жол берилди? Жылуулук борборунда дагы деле жыл сайын ремонттоо иштери жүрүп турабы? Же модернизациялоо иштеринен кийин боло элек беле?

— Бул ЖЭБ 1961-жылы ишке берилген экен. Менден да улуу экен. Анан эми темир болсо да өзүнүн мөөнөтү бүтчү убактысы бар да. Баары эскилиги жеткен. Жылда жайдын күнү ремонт иштерин жасап, кышка даярдык көрүп, иштетип келе жатабыз.

— Азыр айрымдар авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болду, эгер модернизация болуп, жаңы блоктор курулбаганда кырдаал азыркыдан дагы алда канча кыйын болмок деп айтып жатат. Башкача айтканда, модернизация болгону туура эле болгонбу?

— Ооба, авария эски бөлүгүндө болду. Кептин баары ушул жерде жатат. 386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюш керек эле.

Ал эми жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмарлык кылгандар. “Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп”, мыйыгынан күлүп олтургандар. Азыр эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим. Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми.

— Шаарлыктар Бишкектеги ышты ЖЭБдин иши менен байланыштырып келишти эле. Бирок быйыл ыш каптоо дээрлик байкалган жок. Демек, буга ЖЭБдин тиешеси жокпу?

— Албетте, ышка ЖЭБдин да тиешеси бар. Анткени буга чейин Кара-Кеченин көмүрү жагылып келген. Толук бышпаган көмүр. Кубаттуулугу же башкача айтканда, калориялуулугу 3800 Ккал/кг. Биз былтыр Шабыркүл көмүрүн алалы деп, Шабыркүл көмүрүн алганбыз. Таза көмүр, калориялуулугу 5500 Ккал/кг. Эми мен адис эмесмин. Күчтүү көмүр экенин эске албай, Кара-Кеченин көмүрүн жаккандай эле жага беришип, температура көтөрүлүп кетип жарылуу болдубу деген ойдо турам. Борбор шаарыбызда быйыл ыштын аз болгондугу дагы таза көмүр жаккандыктан болду.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:03 19.04.2026
0

20-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад...

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:33 19.04.2026
0

18-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери учак менен Бишкек шаарына жеткирилди. Бейтап Улуттук госпиталдын №2 реанимация...

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 18.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, Улуу...

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:16 17.04.2026
0

Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:49 16.04.2026
0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: "Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды"

11:23 19.04.2026
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

11:33 19.04.2026
20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

14:03 19.04.2026
20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

14:03 19.04.2026
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

11:33 19.04.2026
Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: "Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды"

11:23 19.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү