Жекшемби, 25.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров журналисттерди майрамы менен куттуктады

10:28 07.11.2024
0
Садыр Жапаров журналисттерди майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Туура, так, калыс маалымат менен камсыз кылуу аркылуу аң-сезимдүү коом курууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу абдан маанилүү. Бул өңүттөн алып караганда мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатты, жасалып жаткан иштерди калың элдин катмарына жеткирүүдө сиздердин кызматыңыздардын орду баа жеткис.

Сиздер аркалаган кесип ар бир сөзгө маани берүүнү, далилдерге кылдат токтолууну, калыстыкка өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Себеби, жарыяланган ар бир маалымат, ар бир уктуруу, ар бир репортаж, керек болсо ар бир кабар бир эле жарандын дүйнө таанымына таасир этпестен, бүтүндөй бир коомдук пикирдин түзүлүшүнө да чоң салым кошот, болуп жаткан окуя боюнча элдин сезимин козгойт.

Бул, айрыкча, азыркы тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөлүк процесстер маалында таасын байкалууда. Акыл-парасат менен жоопкерчилик принциптери чыныгы журналисттин эң маанилүү сапаттарына айланды. Мындан улам, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда коомдогу окуяларды калыс чагылдырууга дилгирлигиңиздерди, умтулууңуздарды жогору баалайбыз.

Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен удаалаш уюшулган Кыргыз мамлекетинин улуттук алгачкы басылмасы “Эркин Тоо” гезитине бүгүн 100 жыл толуп олтурат. Эгемендик жылдарында сиздердин кесиптик майрамыңыздар белгиленген 7-ноябрь дал ушул тунгуч гезитибиздин жарык көргөн күнүнө байланыштуу “Маалымат жана басма сөз күнү” деп жарыяланганын жакшы билесиздер. Кыргыз мамлекети жаңыдан түптөлүп жаткан шартта Кара-Кыргыз автономдуу облусунун расмий басылмасы “Эркин Тоо” гезитинин көтөргөн жүгү канчалык өлчөөсүз болсо, бүгүнкү ааламдашуу доорунда кыргыз журналистикасынын орду дагы ошончолук баалуу, ошончолук жоопкерчиликтүү.

Бүгүнкү күндө жаңы технологиянын, интернеттин заманында, медиа мейкиндигинин табияты өзгөргөн шартта адилеттүүлүк жана калыстыкты туу туткан журналисттерибиз күнү-түнү талыкпай эмгектенип, ар бир сөздүн түбүнө түнөп, анын чын-бышыгын аныктоо менен өлкөдөгү маалымдуулукту камсыздоодо жигердүү кызмат кылып келишүүдө.

Урматтуу журналисттер! Сиздерди бүгүнкү кош майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Баарыңыздарга чыгармачыл эргүү, кенен ой-чабыт каалайм жана ишиңиздерди албан-албан ийгиликтердин коштоосуна тилектешмин. Элибиз күткөн жаңылыктарды даярдоодо кылган эмгегиңиздер ар дайым канагат алып келсин, мээнетиңиздер акталып эң жакшы жыйынтыкка – жалпы окурмандардын, көрүүчүлөрдүн жана угармандардын сый-урматына ээ болуңуздар. Майрамыңыздар кут болсун!”.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу жардам сураган 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берди

Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу жардам сураган 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берди

Автор Гүлжамал Абылкасымова
14:48 23.01.2026
0

23-январда Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. ЖМК аркылуу Талас облусунда үч эм төрөлгөн...

Энергетиктерге 146 миллион сомдук техникалар тапшырылды

Энергетиктерге 146 миллион сомдук техникалар тапшырылды

Автор Айзада Тураркулова
14:30 23.01.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине атайын автотранспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды. Маалыматка ылайык, JAC-T8 үлгүсүндөгү 17 даана бригадалык автоунаа,...

Талант Эралиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды

Талант Эралиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды

Автор Айзада Тураркулова
12:25 23.01.2026
0

Талант Эралиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Буга чейин борборду Талант...

«Жылдын мыкты мугалими» аталган Элзат Асановага батир берилди

«Жылдын мыкты мугалими» аталган Элзат Асановага батир берилди

Автор Гүлжамал Абылкасымова
11:35 22.01.2026
0

21-январда “Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асанова мамлекет тарабынан убадаланган бир бөлмөлүү батирдин ачкычын колуна алды....

Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

Автор Гүлжамал Абылкасымова
11:23 21.01.2026
0

Социалдык тармактарда жарандар тарабынан кыргыз тилин шылдыңдаган видео материал жарыяланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан. Аталган факт Бишкек ШИИББдин Маалыматты каттоо...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

11:01 25.01.2026
Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

11:01 25.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү