Садыр Жапаров Караколдогу көп жылдан бери кароосуз калган аэропортту ишке киргизүү тапшырмасын койгону маалымдалды

Садыр Жапаров Караколдогу көп жылдан бери кароосуз калган аэропортту ишке киргизүү тапшырмасын койгону маалымдалды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцтармактагы барачасына жарыялады.

«Кайрадан реконструкциялоо, оңдоо иштерин көрүп келдим. Эми жаңыланып, оңдолуп, буюрса кийинки жылы ишке берилгени турат. Ушул тапта калыбына келтирүү иштери, тынымсыз аракеттер жүрүп жатат. Аны менен бирге эл аралык талаптарга жооп берген жаңы аэровокзал да салынганы турат. Учактардын конуу тилкеси 400 метрге узарып, керек болсо ири көлөмдөгү учактар да учуп-конууга мүмкүндүк жаралат. Муну менен туризм, айрыкча тоо туризминде альпинизм багытын өнүктүрүүгө түрткү берет. Анткени Каракол лыжа тебүүнү сүйүүчүлөр үчүн да өзгөчө жагымдуу эмеспи», — деп жазды ал.