Шейшемби, 03.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров: «Кыргызстанда энелердин эмгеги, мамлекетке кошуп жаткан баа жеткис салымдары өз убагында бааланууга тийиш»

11:22 18.05.2025
0
Садыр Жапаров: «Кыргызстанда энелердин эмгеги, мамлекетке кошуп жаткан баа жеткис салымдары өз убагында бааланууга тийиш»
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Урматтуу энелер! Ажарлуу эже-карындаштар! Сиздерди бүгүнкү Энелер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Ата-бабаларыбыз улуттун келечегин улап, ар бир инсандын калыптануусуна эбегейсиз таасир тийгизген аялзатына аздек менен мамиле кылышкан. Өмүрдүн башаты, үйдүн куту, жашоонун маңызы Энелер экенин эң жакшы түшүнүшкөн. Ошондуктан кыргыз энелери улуттун учугун улоочу гана эмес, урпактарга улуу муундан калган нарк-насилди жайылтуучу, элдин ынтымагына жана эң башкысы мамлекеттин бүтүндүгүн сактоочу калдайган калың журттун уюткусу болуп келишкен.

Буга мисал катары Каныкей, Айчүрөк, Арууке, Бирмыскал, Курманжан датка энелерибизден тарта кийинки мезгилдин чыгаандары Уркуя Салиева, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Күлүйпа Кондучалова, Токтогон Алтыбасарова, Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбүбу Турсунбаева жана башкаларды аялзатынын асылдары катары сыймыктануу менен айтып келебиз. Мына ушундай улуу инсандардын жолун жолдоп келаткан кыз-келиндер, айымдар азыр да четтен чыгат. Кыргызстанда энелердин эмгеги, мамлекетке кошуп жаткан баа жеткис салымдары өз убагында бааланууга тийиш! Биз айымдардын мамлекеттик жана коомдук иштерге жигердүү катышуусу үчүн бардык шарттарды түзүп келебиз.

Бүгүнкү күндө өлкөбүз прогрессивдүү тенденцияга күбө болууда. Учурда жергиликтүү кеңештердин 42 пайызын, Жогорку Кеңештин 22 пайызын, мамлекеттик кызматта иштегендердин дээрлик 44,5 пайызын биздин эже-карындаштар түзүп, жогорку кызматтарда иштеп келатышат. Алардын саясий жана коомдук турмушка батыл аралашуусу, лидерлик сапаттары, өнүгүүгө дайыма умтулуусу мамлекеттүүлүктү чыңдоодо жана коомдун өнүгүшүндөгү абдан маанилүү кадам деп эсептейм. Мындан сырткары, ушу тапта үй-бүлө, эне-бала институтун жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Биз энелерге болгон урмат-сыйыбызды сөз менен эле чектебестен, ишибиз, камкордугубуз менен да көрсөтүшүбүз кажет!

Урматтуу мекендештер, энелик мээрим менен сүйүүгө, сабырга сугарып, адамгерчиликке багыттап, бабалар каада-салтын заманбап билимдерге айкалыштыруу менен тарбия берип, коомдун туруктуу өнүгүшүнө зор салым кошуп келаткан аялзатын кайда болбосун, бапестеп-барктап алалы.

Энелердин ак сүтүн актоого ар дайым аракет кылалы! Кымбаттуу энелер! Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун! Сиздерге бекем ден соолук, күч-кубат, бактылуу турмуш каалайм. Ыйбаа кылып, сыпайы сүйлөп, жылуулук тартуулаган энелер, балдарыңыздардын кубанычы менен жакындарыңыздардын урмат-сыйына бөлөнүп, бар болуңуздар!”
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:53 03.03.2026
0

"Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, ата мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат". Бул тууралуу...

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 03.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчилиги тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп,...

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:51 03.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, министрлик Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабия Падышалыгы, Бириккен Араб Эмираттары, Оман...

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:42 03.03.2026
0

Соцтармакта 10 жумуртканын баасы 160-170 сомго жеткен сүрөт тарады. Бул тууралуу Спутник жазды. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин...

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:43 02.03.2026
1

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ТюлпанЛенд компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Фестиваль 2-марттан 10-мартка...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

09:48 03.03.2026
Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

11:17 03.03.2026
Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

17:53 03.03.2026
4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

17:47 03.03.2026
Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

14:51 03.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү