Шейшемби, 03.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

14:54 17.06.2025
0
Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Казакстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Астана шаарында өтүп жаткан «Борбор Азия – Кытай» саммитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алмашышты.

Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен учурашып, Кытай тарап Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн бекемдөөгө, өзүнүн потенциалын арттырууга, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бардык аракеттерин жана умтулууларын жогору бааларын жана колдой турганын белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен мамилелерге өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

«Биз өз ара урматтоого, тең укуктуулукка жана ынак коңшулукка негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жетишилген деңгээлин чын жүрөктөн жогору баалайбыз», — деди Кыргызстандын президенти. Ал 2025-жылдын февралында Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы маанилүү окуя болгонун баса белгиледи. Жыйынтыгын бере баштаган бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлган.

Президент Кытай Кыргызстандын негизги инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса көрсөттү. Ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталганын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы көп жактуу кызматташуу темасына токтолуп, эки өлкөнүн көптөгөн эл аралык аянттардагы жемиштүү өз ара аракеттешүүсүн өзгөчө белгиледи.

Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого умтуларын ырастап, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара ишенимдин, урматтоонун жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Ошентип, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын бөлүмдөрүн адистештирилген техника менен камсыздоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кат алмашуу формасында түзүлгөн макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалоо боюнча улуттук комитетинин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекети Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жасалма интеллектти колдонуу боюнча кызматташуу борборун биргелешип түзүү жөнүндө Өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы Кайра иштетүү өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Чек арадагы саламаттык сактоо жана карантин жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз улуттук “Кабар” мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Медиакорпорациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын “Слово Кыргызстана” басма үйү менен Кытай Эл Республикасынын “Синьхуа” маалымат агенттигинин ортосундагы Жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча Өз ара түшүнүшүү меморандуму.

 

1 / 2
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:42 03.03.2026
0

Соцтармакта 10 жумуртканын баасы 160-170 сомго жеткен сүрөт тарады. Бул тууралуу Спутник жазды. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин...

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:43 02.03.2026
1

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ТюлпанЛенд компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Фестиваль 2-марттан 10-мартка...

Дубайдагы башкы консулдук жарылуу үндөрү боюнча: «Ракеталар Израилге багытталган. БАЭ бул ракеталардын бутасы болуп саналбайт»

Дубайдагы башкы консулдук жарылуу үндөрү боюнча: «Ракеталар Израилге багытталган. БАЭ бул ракеталардын бутасы болуп саналбайт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:40 02.03.2026
0

Бириккен Араб Эмираттарынын расмий бийлигинин маалыматына ылайык, мезгил-мезгили менен угулуп жаткан жарылуу үндөрү абадан коргонуу системаларынын (ПВО) ишине байланыштуу. Бул...

Элчи Марипов: «Ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз»

Элчи Марипов: «Ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:32 02.03.2026
0

"Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу элчилик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдайм". Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы атайын жана ыйгарым...

Баткенде чек араны тосуу иштери уланып жатат

Баткенде чек араны тосуу иштери уланып жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:26 02.03.2026
0

Бүгүн, 2-мартта Баткен районунун Ууч жерлигинде, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тосуу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
MUHAMET MALO мелдеши жыйынтыкталды: Кыргызстандын капчыгында 9 медаль

MUHAMET MALO мелдеши жыйынтыкталды: Кыргызстандын капчыгында 9 медаль

14:45 02.03.2026
Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

16:39 02.03.2026
Элчи Марипов: «Ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз»

Элчи Марипов: "Ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз"

15:32 02.03.2026
Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

1
Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

1
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

11:17 03.03.2026
Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

09:48 03.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү