Шейшемби, 24.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

12:31 23.09.2023
0
Садыр Жапаров Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер! Кадырман калайык-журт! Эне тилибиз мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна 34 жылдын жүзү болду. Эгемен мамлекет куруунун ишенимдүү жана чечкиндүү кадамына пайдубал болуп берген тарыхый чечим кабыл алынган бул күн – биз үчүн өзгөчө майрам күн. Андыктан, жалпы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктаймын. Биз ата-бабаларыбыздан ажайып кооз кыргыз жергесин, кылымдарды карытып, тарых бүктөмдөрүндө калып калбай, элдүүлүктү сактап келген нарк-насилди жана “Манастай” теңдеши жок улуу дастанды жараткан кыргыз тилин аманат кылып, мураска алдык.

Эне тилибиз биздин каны-жаныбызга эне сүтү, бешик ыры, энелердин жомогу, аталардын нуска кептери менен сиңип келген. Мына ошондуктан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет»,– деп таасын белгилеген. Тилди сактоо ириде улутту сактоо деген түшүнүк менен тең карала турган омоктуу маселе экенин аңдап-түшүнүп, улуттук дөөлөт уюган эне тилибизди ыйык тутушубуз керек. Дегеле тил, дил, нарк-насил сыяктуу рухий дөөлөттөрүбүзгө сергек карап, олуттуу мамиле жасообуз зарыл!

Бүгүнкү күндө кыргыз тили чектелүү чөйрөдө: коомдук-саясий жана маданий тармактарда колдонулуп, билим, илим жана техника чөйрөсүнө сүңгүп кире албай келет. Биз мамлекеттик тилибизди кеңири жайылтып, аны андан ары өнүктүрүү үчүн кыргыз тилин мамлекеттик саясаттын негизги багыты катары кароо менен өлкөнүн расмий турмушуна терең сиңирүүбүз кажет. Ушул жылдын 17-июлунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койдум. Мыйзам мамлекеттик тилдин мындан аркы өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болот деген үмүтүм чоң. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүү, колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө.

Ошол эле маалда ар кандай документтерди башка тилде жазып, андан кийин гана кыргыз тилине которуу тажрыйбасынан арылышыбыз керек. Мамлекеттик тилдеги билим берүү тутумунун пайдубалынан бери кайра карап, кыргыз тилинде билим алып, оюн туюнтуп, кагазга түшүрө алган кызматкерлерди азыртадан өстүрүп чыгуубуз зарыл. Артыкчылыктуу илим тармактарында кыргыз тилдүү окумуштуу, изилдөөчүлөрдүн жаңы муунунун жаралышына тиешелүү шарттардын баарын түзүшүбүз абзел. Жалпы илимдин жана кыргыз тилинин илимий базасын байытуу дагы учурдун талабы болуп турат. Мына ушул сыяктуу иштиктүү аракеттерди жасап, натыйжалуу жыйынтык алганыбызда гана мамлекеттик тилибиз коомдун, административдик башкаруунун, билим берүүнүн, илим менен технологиянын, өндүрүш менен чарбанын, соода-сатыктын, маданият менен диндин, интеграциянын, этносторду бириктирүүнүн ишенимдүү кепилдигине айланат.

Урматтуу мекендештер! Тил – өлкөнүн келечек тагдыры үчүн өзөктүү баалуулук. Ошондуктан мамлекеттик тилибизди тумарыбыздай тутуналы, үй-бүлөдөн баштап бардык коомдук-социалдык институттарга чейин мамлекеттик тилди колдонуунун, пайдалануунун маданиятын күн сайын, саат сайын өркүндөтөлү. Дагы бир жолу баарыңыздарды эне тилибиздин мамлекеттик тил макамына ээ болгон күнү менен куттуктаймын! Ата Мекенибиз өссүн, эне тилибиз өнүксүн!”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Ошто төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды

Ошто төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:27 23.03.2026
0

"Төрт эм төрөгөн үй-бүлөгө президент Садыр Жапаровдун белеги - үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырдык". Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар...

Бишкек шаарында жылытуу мезгилинин аяктоо мөөнөтү аныкталды

Бишкек шаарында жылытуу мезгилинин аяктоо мөөнөтү аныкталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:19 23.03.2026
0

Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун төрагалыгы алдында  жылытуу мезгилин аяктоо маселеси боюнча  штаб жыйыны болуп өттү....

Өлкөдө жугуштуу ылаңга каршы ветеринардык-санитардык чаралар күчөтүлдү

Өлкөдө жугуштуу ылаңга каршы ветеринардык-санитардык чаралар күчөтүлдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:16 23.03.2026
0

Кыргыз Республикасында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын кирип келүүсүнө жана жайылышына жол бербөө максатында ветеринардык-санитардык көзөмөл чаралары күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын...

Ошто төрт эм төрөгөн эне ымыркайлары менен үйүнө чыгарылды

Ошто төрт эм төрөгөн эне ымыркайлары менен үйүнө чыгарылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 23.03.2026
0

Бүгүн, 23-март күнү Ош облустук төрөт үйүндө төрт эм төрөгөн эне чүрпөлөрү менен үйүнө чыгарылды. Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым...

Райондук соттун чечими менен Махабат Тажибек кызы абактан чыкты

Райондук соттун чечими менен Махабат Тажибек кызы абактан чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:56 23.03.2026
0

Бүгүн, 23-мартта Махабат Тажибек кызына карата баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, өлкөдөн чыкпоо жөнүндө жазуу түрүндөгү тил каттын негизинде абактан чыкты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

11:01 23.03.2026
Райондук соттун чечими менен Махабат Тажибек кызы абактан чыкты

Райондук соттун чечими менен Махабат Тажибек кызы абактан чыкты

13:56 23.03.2026
Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылды

Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылды

08:56 23.03.2026
Ошто төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды

Ошто төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды

17:27 23.03.2026
Бишкек шаарында жылытуу мезгилинин аяктоо мөөнөтү аныкталды

Бишкек шаарында жылытуу мезгилинин аяктоо мөөнөтү аныкталды

17:19 23.03.2026
Өлкөдө жугуштуу ылаңга каршы ветеринардык-санитардык чаралар күчөтүлдү

Өлкөдө жугуштуу ылаңга каршы ветеринардык-санитардык чаралар күчөтүлдү

15:16 23.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү