Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июнда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана IV Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен Минск шаарына (Беларусь Республикасы) барды.
Аэропорттун флагштокторуна Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуучу мамлекеттердин туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.












