Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, орус тили боюнча өз пикирин билдирди.
Орусиянын президенти Владимир Путин орус тилине байланыштуу ыраазычылыгын билдирди. Расмий тил макамын өзгөртүү керек деген пикирди карманган саясатчыларыбыз да жок эмес. Кыргызстанда орус тилинин азыркы макамы жана келечеги боюнча көз карашыңызды бөлүшө кетсеңиз?
«Орус тили бизде расмий тил деп баш мыйзамыбызда белгиленген. Орус тилин биз колдоп келе жатканыбыз үчүн Владимир Владимирович ыраазычылыгын айтты. Негизи орус тили бизге муктаж эмес, биз орус тилине муктажбыз. Биринчиден, орус тили дүйнөлүк алты тилдердин бири. Экинчиден, орус тилисиз биз Кыргызстандан алыс чыга албасыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мисалы КМШ өлкөлөрүн айтпай эле коеюн, кошуна эле мамлекеттерди алалы. Өзбекстан менен Тажикстанга барсаң орус тилсиз сүйлөшө албайсың. Ошол эле Европа, Америка, Кытай өлкөлөрүнө барсаң орус котормочуларды колдонушат. Орус тил макамын өзгөртөлү деген саясатчылардын сунушу туура эмес. Албетте биринчи кезекте өзүбүздүн тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Бирок орус, англис тилин да билишибиз керек. Дүйнөнүн тең жарымы ушул эки тилди колдонушат. Азыркы өсүп келе жаткан жаштарыбыз 3-4 тилде сүйлөп жатышпайбы. Көп тилдерди билген жакшы да. Дүйнөнүн кайсы бурчуна барба эркин жүрөсүң«,- деди өлкө башчы.