Пандемиянын 3-толкунун эл сезбей эле калды. Биз элибизди аман алып калдык. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жыйында билдирди.
Анын айтымында, быйыл коронавируска каршы күрөшүүгө сырттан жардам алынбай, мамлекеттик бюджеттен 3,8 миллиард сом бөлүнгөн. Коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн чет өлкөлөрдөн 1,075 миллиард сомдук вакцина сатып алынган.