Садыр Жапаров Сауд Арабияда саммитке катышты
19-июлда "Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши" аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммити болуп өттү.
Иш-чара Борбор Азия жана араб мамлекеттеринин лидерлерин жана делегация башчыларын тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи менен башталды.
Саммит Сауд Арабиясынын мураскер ханзадасынын төрагалыгы астында өттү. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө региондор аралык кызматташтыкты жана энергетика, инфраструктура, айыл чарба, транспорт, саламаттыкты сактоо, туризм, санариптештирүү жана инновация сыяктуу турмуштук маанилүү тармактарда тажрыйба алмашууну активдүү алдыга жылдырууну сунуштады.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары жана делегациялар биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="191010,191011,191012"]