Шейшемби, 03.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров: «Ширшов бир дагы мамлекеттик ишканага жакын жологон жок»

09:23 28.05.2025
0
Садыр Жапаров: «Ширшов бир дагы мамлекеттик ишканага жакын жологон жок»

Акыркы убакта коомчулукта Ширшовдун аты аталып, анын ысымын “Капитал банк Борбордук Азия” банкына байланыштырган билдирүүлөр айтылууда. “Кабар” агенттиги бул боюнча мамлекет башчыга кайрылып, комментарий алды.

— Саламатсызбы, акыркы убакта соцтармакта рубль менен операцияларды “Капитал банк — Борбор Азия” банкы аркылуу гана жүргүзүү жөнүндө чечимди Бакиевдердин санаалашы катары айтылып жүргөн Ширшовго байланыштырган билдирүүлөр байма-бай чыгууда. Буга чейин аны өлкөбүздүн энергетика системасына кийлигишти деп сөз кылышкан эле. Муну менен кыргыз бийлиги Орусияга киргизилген санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатканын жазгандар бар.

Администрация тарап буга чейин “Капитал банк” көзөмөлсүз каражаттар кыймылын иретке келтирүү үчүн түзүлгөнүн түшүндүргөн эле. Чынында кандай? Эмнеге бийликтин бул чечимдерин айрымдар коркунучтуу кылып сыпатташууда?

«Ширшов боюнча көптөн бери эле ар кандай ушактарды таратып келе жатышат. Ширшовду эки-үч жыл мурда мен кабыл алгам. Андан көптөгөн маалыматтарды алганбыз. Ал маалыматтардын пайдасы менен Максим Бакиевдин жана анын досторуна тиешелүү ири компанияны мамлекетке кайтардык.

Юстиция министрлиги Францияда дагы бир вилласын кайтаруу боюнча иштеп жатат. Ширшов бир дагы мамлекеттик ишканага жакын жологон жок. Жолотпойбуз дагы. “Капитал банк” болсо – 100 пайыз мамлекеттик банк.

Каржы министрлиги 100 пайыз ээлик кылат жана аны толук көзөмөлдөп турат. Мурда Америка тарап “Керемет банкка”, “силер санкцияга кирген товарлардын акчаларын которуп Орусияга жардам берип жатасыңар” деп санкцияга киргизгенден кийин, “анда рубль менен бир эле банк иштесин, баары көзөмөлдө болсун, керек болсо күндө силерге отчёт берип турсун” деп “Капитал банкты” аныктаганбыз.

Ошондуктан бүгүнкү күндө рубль менен бир гана “Капитал банк” иштеп жатат. Башка банктарга рублдан башка валюталарга эч кандай чек жок. Каалагандай иштей беришсе болот. Анан эми рубль менен иштеп, көп каражат таап жүргөн банктар рублдан пайда таппай калып кыжаалат болуп, анан ушундай жалган ушактарды таратып жатышат.

Эч кандай “Ширшов-Миршов” дегендер жок. “Капитал банк” мамлекеттин, тагыраагы, Каржы министрлигинин көзөмөлүндө иштейт. Тапкан пайдасы 100 пайыз мамлекетке түшөт. Ошондуктан ар кандай имиштерге ишене бериштин кажети жок. Эми биздин ушундай кадамдарыбыздан кийин дагы Америка тарап банктарыбызга санкция сала беришсе, анда бул аракеттерин жөн гана Кыргыз мамлекетине болгон бут тосуулары деп билсек болот»,- деди өлкө башчы.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:53 03.03.2026
0

"Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, ата мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат". Бул тууралуу...

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 03.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчилиги тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп,...

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:51 03.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, министрлик Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабия Падышалыгы, Бириккен Араб Эмираттары, Оман...

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:42 03.03.2026
0

Соцтармакта 10 жумуртканын баасы 160-170 сомго жеткен сүрөт тарады. Бул тууралуу Спутник жазды. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин...

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:43 02.03.2026
1

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ТюлпанЛенд компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Фестиваль 2-марттан 10-мартка...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

09:48 03.03.2026
Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

11:17 03.03.2026
Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

17:53 03.03.2026
4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

17:47 03.03.2026
Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

14:51 03.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү