Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын чет жакка чыгып кеткени тууралуу комментарий берди.
«Азиза Абдирасулованы эч ким аңдыган жок. “Бирөөлөр аңдып атыптыр” деп 10-15 жыл мурун айтса, ии чын эле го деп эл ишенсе болот эле. Азыркы технология заманында аңдыган шектүүлөрдү, автомобилдерди эң кур дегенде смартфонуна тартып алып, тийиштүү органдарга же соцтармактар аркылуу ачык эле коомчулукка жарыяласа болот эле да. Муну жөн гана саясат кылышууда. Бул саясатына өздөрү эле ишенбесе, эч ким ишенбейт. Азиза айымга эч ким тийбейт. Бир тал чачы түшпөйт. Акыры бир күнү келет. Ага эч кандай коркунуч болбой эле ээн-эркин көчөдө басат. Ошондо эл алдында өзү эле уят болот. Саясат кылбай, жөн эле келе берсин.
Өлкөбүздө адам укугу сакталат. Ага өзгөчө маани берүү – мамлекеттик саясаттын эң оорчундуу багыттарынын бири. Анан эле адам укугун коргоо дегенде айрым укук коргоочулар кайсы бир моралдык ченемдерден чыгып кетишпесе дейт элем. Бизде демократия бар. Ачык сүйлөгөнгө менин да укугум бар. Мен Курултайда жөн гана алар донорлордон эбегейсиз көп акча алып жатышкандарын, жалган отчёт берип донорлорун алдап жаткандарын эле айттым.
Мисалы, милициянын жооптуу кызматкери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кайсыл бир кылмышкердин колунан мыкаачылык менен өлтүрүлсө, ага жетиштүү далилдер болуп турса, “адам укугу” деп эле ал мыкаачыны коргоого алуу канчалык туура? Албетте, эл аралык ченемдер, талаптар боюнча алардын да укугу корголушу керек. Бирок бул айдан ачык кылмыш жасаган мыкаачыны каратып туруп эле коргоого алуу менен барабар да. Анан алардын сотуна катышып коюп эле биз адам укугун коргоп жатабыз деп отчёт бере беришет. Карапайым калктын укугун коргосо биз да сүйүнөт элек. Донор болуп акча бере албасак да, кош колдоп колдойт элек.
Мен дайыма айтып келем, Кыргызстанда адам укуктары сакталат, сөз эркиндиги да бар, каалаганын айтышсын. Азыр дагы кайталайм. Мыйзамсыз иш-аракеттер менен мамлекеттик тийиштүү органдар күрөшүп келишет. Алардын көз жаздымынан байкалбай өтүп бараткандары болсо, журналисттер, укук коргоочулар далилдери менен айтып чыгышсын. Коррупция менен күрөшкөнгө жардам беришсин. Буга эч кандай чектөө жок. Тескерисинче бизге жардам болот. Жарандарыбыз жүйөлүү сын-пикирлери менен каалаганын сындай берсин. Болгону жалган жалаа, ушак-айың же далили жок эле бирөөлөрдү каралоого жол бербейли деген эле кеп. Калп эле сөз эркиндиги, адам укугу деген шылтоолорго жамынып алып, тымызын элди дүрбөлөңгө салып, баш аламандыкка чакырык жасагандарды токтотушубуз керек»,- деди президент.