«Асылташ Керамикс» заводун салууга 40 млн доллар жумшалган. Ал жылына 3 миллион чарчы метр керамика чыгарат.
2023-жылы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду курулушка 25 миллион доллар бөлгөндүгү маалымдалган. Өлкө башчы Кыргызстан акырындык менен чийки зат экспорттоочу өлкөдөн кайра иштетүүчү мамлекетке өтүп жатканын белгилеген.
«Жакынкы келечекте Кыргызстан жогорку технологиялар менен продукция өндүргөн өлкөгө айланат деген ишеним чоң», — деген Садыр Жапаров. Президент заводдун салынышы менен орточо айлык акысы 50 миң сомду түзгөн 300дөн ашык жаран жумуш орду менен камсыз болорун белгилеген.










