Президент Садыр Жапаровдун аскердик милдетин өтөп жүргөн кезиндеги сүрөттөрүн анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жарыялап, Ата мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.
Садыр Жапаров Сибирь Кызыл туу аскердик округундагы 57849-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.
«Ар бир эр-азамат адам үчүн Ата мекенди коргоодон өткөн ыйык милдет жок. Ата мекен коргоочулар, сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм. Мекендин бейпил турмушун коргоп жаткан жалпы аскерлерибизге жана жарандарыбызга миң мертебе таазим кылабыз», — деп жазды Эрбол Султанбаев.
Эртең, 27-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +35…+40,...
Социалдык тармакта тоодон "учуп" кеткен торпоктун видеосу тарады. Видеодо Бишкек-Ош жолу деп көрсөтүлгөн. Кулап түшкөн торпок бактыга жараша өлбөй калган....
Казань шаарында такси тармагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Кыргыз жарандары өлкө башчысы Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан....
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигине унаа кыймылына чектөө киргизүү тууралуу чаралар боюнча комментарий берди. Анын айтымында, мэрия борбор калаада...