Садыр Жапаровдун кортежинен эки жаңы жол тандабасты байкашты. Аны ким берген?

Социалдык тармактын колдонуучулары президент Садыр Жапаровдун кортежинен эки жаңы жол тандабасты байкашкан. Колдонуучулар алардын Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү 2021-жылы чыккан унаа экенин да жазышты. Мындай унаалардын баасы 77 миң доллардан башталары да айтылган.

Президенттин маалымат катчысы унааларды чет өлкөлүк өнөктөштөр бергенин маалымдап, казынадан акча кетпегенин жазды.