Кечээ, 20-июлда Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арыз каралып, Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Ал эми буга чейин Биринчи Май райондук соту аны 26-июлга чейин камакта калтырган болчу.
6-июлда Улан Жапаровдун кармалганы белгилүү болгон. Ал «Коррупция» беренесинин негизинде шектелип жатат. 32 жаштагы Улан Жапаров президенттин жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу.