Президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун ШКУнун саммитине Самаркандга делегация менен баргандагы сүрөтү социалдык тармактарда тарады.
Соцтармак колдонуучулар өлкө башчысынын уулу Өзбекстанда эмне кылып жүргөнүнө кызыгып жатышат. «Ал эч кандай кызматты ээлебейт жана расмий делегациянын мүчөсү боло албайт, ошондой эле саммитке катышкан мамлекеттердин жогорку кызмат адамдарынын деңгээлинде иш-чарага катыша албайт», — деп жазышууда.
Азырынча президенттин маалымат катчысы сүрөт боюнча комментарий бере элек.