«Садырдын учурунда жакшы болуп калды». Атамбаев колониядагы шарттарга токтолду

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуяларына байланышкан соттук отурум өтүп жатат. Сотко мурдагы өлкө башчысы да жеткирилди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге колониядагы абал тууралуу айтып берди. «Мен тамашасы жок эле айтып жатам. Мага абактагы кызматкерлер, ал жактагы соттолгондор абдан жакшы мамиле кылышат. Жакшы кабыл алышты. Ал эми 23-мартта болгон окуя бирөөнүн тапшырмасы. Мен жашап кетчү адаммын. Бул жерден чыгам, дарыланып, айыгам. Баары жакшы болот», — деди ал.

Анын айтымында, азыр ал камерада жалгыз отурат. «Мен дайыма жалгыз отурам. Сокенин учурунда радио, телевизор болгон эмес. Сейилдөөгө да жалгыз чыкчумун. Садырдын учурунда жакшы болуп калды. Мен 9-октябрда чыкканыма кубанычтамын. Соке кетиши керек болчу», — деди ал.