Бишкекте жеке клиникада сакал эктирүү үчүн операция жасатып жаткан маалда 30 жаштагы хирург-флеболог Элдос Турсунбеков күтүүсүз каза болгон. Окуядан 15-20 күн өткөндөн кийин маркумдун жакындары SEREPTV телеканалына кайрылып, “Уулумдун өлүмүнө себепкер болгон хирургдарды Алланын ыраазычылыгы үчүн кечирдик. Дагы бир үй-бүлөнүн баласы тирүүлөй жетим калбасын” дешти.
«Биз башында ачуулукка алдырып, жинибиз келгендиктен арыз жазганбыз. Клиникада окуя кандай болгонун видеодон көрдүк. «Тез жардамды кеч чакыртыптыр» деген сөздөрдү укканбыз. Көрсө, алар деле колунан келгенин кылышыптыр. Тез жардамды ошол замат чакырышыптыр. Кылган аракеттерин көрдүк. Үй-бүлөбүз менен отуруп сүйлөшүп, кеңештик. Жамандыктын үстүнө жамандык кылбайлы дедик. Сураштырсак операция жасаган дарыгердин үй-бүлөсү бар экен, 2 баласы бар, келинчеги кош бойлуу экен. Аны соттотуп, балдарын тирүүлөй жетим калтырбайлы дедик. Балабыздын тынч жатышы үчүн ушундай чечимге келдик. Башка чечим болбойт го»,— деди атасы.