Саламаттыкты сактоо министри менчик медициналык университеттерди кантип жаба турганын түшүндүрдү

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге 17 менчик медициналык окуу жайды кантип жабууга ниеттенип жатканын түшүндүрдү.

Билим берүү мекемелерин лицензиялоо Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн. Лицензия берүүдө клиникалык базанын, жайдын, профессордук-окутуучулук курамынын болушу эске алынат. «Мен жаба алам, анткени Саламаттыкты сактоо министрлиги клиникалык базанын бар экендиги тууралуу маалымкат берет. Мен бүгүндөн баштап бул сертификаттарды буйрук менен жокко чыгарып жатам, анан алардын лицензиялары автоматтык түрдө жараксыз болуп калат. Билим берүү министрлиги бул окуу жайларды жабууга аргасыз болот. Бир нерсе деп айтардан мурда бир нече ай юристтер менен баарын изилдейм, мен министрмин, туш келди сүйлөй бербейм. Эми олигархтар, пара алгандар өздөрүн коргой башташат. Бирок клиникалык база, өлүккана, бейтаптар жок болсо, студенттерди кантип окутат? Ал жерде баары түшүнүктүү», — деди ал.

Министр олигархтар аны кандай жол менен болсо да кетирүүнү каалап жатканын баса белгиледи. «Бул бизнес 1-сентябрда жабылат. Чет элдик студенттерден миллиондогон доллар алышат, бирок билимге өтө аз коротушат, эч нерсе үйрөтүшпөйт. КММА, КРСУ, Оштуку кала берет… Бизге акча керекпи же элдин саламаттыгыбы? Элестеткиле, 10-15 жылдан кийин бизди ким дарылайт? Оорулууларды көрбөгөндөр бөйрөктүн кайда экенин билишпейт. Олигархтар кетет, карапайым эл ушул жерден дарыланат”, — деп ачууланды ал.