Саламаттыкты сактоо министрлиги: «Каза болгондордун саны 36 киши»

Баткен облусунан алынган ыкчам маалымат боюнча, саат 10:00дө Баткен шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына дагы 12 каза болгон адамдын сөөгү келип түштү. Баткен облусундагы куралдуу кагылышуудан каза болгондордун жалпы саны 36 жаран. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Буга чейин ӨКМден каза болгондордун жалпы саны 37 кишиге жеткенин маалымдашкан.