Санкт-Петербургда кармалган 400 мигранттын арасында бир Кыргыз жараны бар. Ал өлкөдөн чыгарылат

Буга чейин Санкт-Петербургда документтерин текшерүү үчүн коңшу өлкөлөрдөн барган 400 мигрант кармалганы маалым болгон. Бул боюнча ТИМден маалымат комментарий берип, кармалгандардын арасында бир Кыргыз жараны бар экенин билдиришти.

«Орусиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, укук коргоо органдары чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу боюнча Санкт-Петербургдун бир катар райондорунда чет өлкөлүк жарандардын миграциялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү үчүн рейддерди жүргүзүшкөн. Жалпысынан 400гө жакын чет өлкөлүк жаран миграциялык мыйзамдардын сакталышына текшерүүдөн өттү», — деп айтылат маалыматта.

Орусиянын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунун маалыматы боюнча, 1 Кыргыз Республикасынын жараны миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Орусиядан чыгарылат деп күтүлүүдө.