Саясатчы Равшан Жээнбеков УКМКга сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.
«Мага «Эмне үчүн Марат Казакпаев боюнча билдирүүлөрдү жасадыңыз?» деп суроолорду берип, эскертме беришти. Биз оппозиция катары Казакпаевдин УКМКдан өлгөндүгү үчүн эгемендүү комиссия түзүшүн талап кылганбыз. Муну талап кыла беребиз. Эгер УКМКнын төрагасы убактылуу кызматынан четтетилип, тергөө жүрсө адилеттүү болот», — деди ал.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маек берип, анда Равшан Жээнбековго дагы бир Жазык кодексинин 363-беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтып, сөзүнө жооп берерин билдирген.