Сейил бакта жылдызы жанган келин: «Бир түндө эле жылдыз болуп кетем деп ойлобоптурмун»

«Бир түндө эле жылдыз болуп кетем деп ойлобоптурмун». Бул тууралуу кечээ, 18-июнда Бишкектин «Ынтымак» сейил багында белгилүү дүйнөлүк хиттерди өзүндөй кылып жандуу ырдаган келин SuperTV каналына берген маегинде билдирди.

«Чынын айтсам, кечинде ырдап, анан эртең менен жылдыз болуп кетем деп ойлобоптурмун. Мындай үч уктасам да түшүмө кирмек эмес. Кечээ кызымды ээрчитип алып жолдошум, сиңдим менен сейил бакка барганбыз. Кетип бара жатканда сиңдим караокеде ырдап берүүмдү суранып калды. Канча сомдон десем, 150 сом дешти. Оюма келген эле ыр «Титаникте» жаңырган Селин Диондун ыры болду. Эл аз эле, биринчи саптарды аткарып баштаганда эл чогула баштаган экен, аны байкабаптырмын. Ырдап бүткөндөн кийин эл дагы бир ырды аткарып берүүмдү суранып башташты», — деди Бегимай Турусбекова.