Семёнов чокусуна чыгып кеткен чет өлкөлүк жаран 10 күндөн бери дайынсыз
Бүгүн, 24-июлда саат 07:30да Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнү кароого "Эдельвейс" кошуунунан 8 куткаруучу чыгып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдый жагынан өйдөгө карай издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кечээ саат 15:15те күн ысып, кар эрий баштагандыктан кар көчкүдөгү куткаруу иштери убактылуу токтоп, куткаруу тобу Семёнов чокусунан Хижина Рацекага кайтышкан. Издөөдөн жыйынтык болгон эмес.
Эске салсак, "Семёнов — Тянь-Шанский" чокусуна 14-июлда чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен.