Шаардагы аялдар үй жумуштарына 4 саат коротсо, айылдагылар 5 саат 20 мүнөтүн коротушат

Үй иштери көбүнчө аялдардын иштери болуп саналат, анткени аялдар үй жумуштарына өз убактысынын 18 пайыздан ашык кетиришип, күн сайын суткасына орточо эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлүшөт. Ошол эле учурда, эркектерде бул чыгымдар 4 пайызга жакын убакытты түзөт. Натыйжада, аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына дээрлик 5 эсеге, ал эми балдарды тарбиялоого 2,3 эсеге көп убакыт коротушат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Мында айыл жана шаар жерлеринде жашаган аялдардын ортосунда олуттуу айырма белгиленет. Орточо алганда, айыл жергесинде аялдар үй жумуштарына шаардагы аялдарга караганда 1,2 эсе көп убакыт коротушат. Ошол эле учурда, айылдарда иштеген аялдар орточо эсеп менен жуманын бир күнүндө 5 саат 25 мүнөт, ал эми шаарларда — 4 саат үй тиричилиги менен алектенишет.

Аялдардын эс алуусунун активдүү түрү (спорт, сейилдөө) жумасына 1 саат 24 мүнөттү түзөт.