Шаардык кеңештин депутаты Бишкектин калктуу конуштарында жарык өчүрүлүп жатканын айтты

«Бүгүнкү күндө Бишкектин төмөнкү бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Борбордо өчүрүлбөй эле», — деди Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов («Ынтымак»). Ал бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, дал ушул чет жакаларда, конуштарда электр жарыгы күнүнө 2 жолу 3-4 сааттан өчүрүлөт. «Эмне үчүн мындай өчүрүүлөр болуп жатат? Жарык өчкөн учурда көчөдө жарык күйүп турат. Балдар мектепке даярдануу, үй тапшырмаларын аткаруу керек болгон учурда — жарык жок. Бул кандай?» — деп сурады депутат.

Ага көчөлөрдү жарыктандыруу «Бишкек жарыкка» тиешелүү экенин айтышты. Эргешовдун айтымында, электр энергиясын үнөмдөйбүз десе комплекстүү иш алып баруу зарыл. 

Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев акыркы жолу да өчүрүүлөр боюнча мэрияга кабарланбаганын билдирди. «Биз маселени көтөрдүк, эгерде мындай жагдайлар жаралса, алар өз убагында кабарлоого убада беришти», — деди ал.